Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 64 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1774-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2029-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
Кабыл алынган - КР 2012-жылдын 9-августундагы № 163 Мыйзамын караңыз
1-берене. Ушул Мыйзамдын чөйрөсүндөгү иш-аракеттер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында материалдык эмес маданий мурастарынын сактоо жана колдоо жаатындагы укуктук талаптарын жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамды колдонууда төмөнкүдөй маанидеги түшүнүктөр кирет. 1. Материалдык эмес маданий мурастардын объектилери (мындан ары - материалдык эмес мурастар) - бул үрп-адаттар, көргөзүүнүн жана билдирүүнүн формалары, билим жана тажрыйба, ошондой эле жамааттар, топтор тарабынан маданий мурастар катары кабыл алынып, муундан муунга өтүп, биринен-бирине өтүүчүлүктү калыптандырган, дайыма жамааттар жана топтор тарабынан улантып келген, алар тарабынан таанылган жекече авторлукка ээ жана ээ эмес алар менен байланышкан аспаптар, буюм заттар, артефактар жана маданий мейкиндиктер, ошону менен катар маданий өзгөчөлүккө ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын элинин маданиятынын ар түрдүүлүгүн күбөлөндүргөн, тарыхый жана маданий маанилүүлүккө ээ болгон, Кыргыз Республикасынын Улуттук тизимине кирген материалдык эмес маданий мурастары. 2. Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген улуттук тизими (мындан ары - Улуттук тизим) материалдык эмес маданий мурастардын объектилеринин маалымат банкын өз кучагына алат жана анын биримдүүлүгү жана салыштырмалуулугу калыптандыруунун жалпы принцибинин, тизимди жүргүзүүнүн методдорунун жана формаларынын эсебинен камсыз кылынат. -»Эпос» - адабияттын түрү, өткөн мезгилдеги окуяларды болжолдогон баяндама (окуяны бизге жеткирген манасчылар). Эпос мейкиндик-мезгил аралыгында каныккан окуяларды чагылдырган сюжеттерден жана жанрлардан турат. Эпикалык жанрлар: көлөмдүү - эпопея, роман, эпикалык поэма (поэма-эпопея); орточо көлөмдөгү - повесть, кенже аңгемелер, новелла, очерк. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|