Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 22-декабрындагы № АД-000009/11-МН токтому
Иш № АД-000009/11-МН Көзөмөл өндүрүш № 6-565/11 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т., судьялар: Алыбаева Н.А., Арстанбаева Д.Э., сот отурумунун катчысы: Бекенов Т., тараптар: П.Сатыбалдиевдин өкүлү - Т.Касымбековдун (2011-жылдын 22-декабрындагы № 1-12-04 табыштоо ордери), Тоо-Моюн айыл өкмөтүнүн өкүлү М.Осмоновдун (2011-жылдын 21-декабрындагы № 219-ишеним каты), Р.Исмаиловдун катышуусунда, соттун ачык отурумунда, П.Сатыбалдиевдин Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 17-июнундагы чечимине карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал чечим менен Ош областтык райондор аралык сотунун 2011-жылдын 9-мартындагы чечими бузулган, жаны чечим кабыл алынган, П.Сатыбалдиевдин Тоо-Моюн айыл округунун 2009-жылдын 2-майындагы аукциондун № 6 протоколун, 2009-жылдын 2-майындагы № 6 токтомун, 2009-жылдын 12-майындагы № 23 чечимин, Тоо-Моюн айылдык кенешинин сессиясынын чечиминин 6-бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган, Р.Н.Исмаиловдун, Э.Ажиматовдун, М.К.Аматбаевдин, А.Жолдошовдун, А.А.Касымовдун апелляциялык арызы канааттандырылган, П.Сатыбалдиевден 60 сом мамлекеттин пайдасына мамлекеттик алым өндүрүлгөн (соттук актыны кабыл алган судьялар: Каримова Р.А., Галиева Ж.Д., Кадыров К.С.) баяндамачы-судья Ж.Арстанбаеванын иш боюнча берген маалыматын, соттук отурумга катышкан тараптардын берген түшүндүрмөлөрүн угуп, тапты: П.Сатыбалдиев сотко Тоо-Моюн айыл округуна, Тоо-Моюн айылдык кенешине карата Тоо-Моюн айыл округунун жер комиссиясынын № 425 контурдан 11,25 га жер аянтын ижарага берүү боюнча 2009-жылдын 2-майындагы өткөргөн аукциондун № 6 протоколун, Тоо-Моюн айыл округунун 2009-жылдын 2-майындагы № 6 токтомун, 2009-жылдын 12-майындагы № 23 чечимин, Тоо-Моюн айылдык кенешинин 2009-жылдын 16-июлундагы сегизинчи кезексиз сессиясынын чечиминин 6-бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө арыз менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|