Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
2007-жылдын 2-апрелинде «Кабар» маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Мырзабаеванын катышуусу менен «Кыргызстан Улуу жибек жолунда» жана «Кызматташуунун Шанхай уюму» сериясына арналган коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу» темасында пресс-конференция болуп өттү. Улуттук банктын Расмий билдирүүсүнүн толук текстин «Улуттук банктын пресс-релизине» № 13/2007 тиркемеден окуй аласыздар.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2007-жылдын февраль айында керектөө бааларынын индексинин өсүшү 0,2 пайызды түздү. Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктан тышкаркы акчаларды жана сомдун алмашуу курсун камтыган монетардык факторлордун таасири 16,3 пайызды түзгөн. Калктын инфляциялык күтүүлөрү 27,2 пайыз өлчөмүндө таасир тийгизген. Кароого алынып жаткан мезгил аралыгы үчүн инфляцияны түзүүгө монетардык эмес факторлор 56,5 пайызды түзүү менен олуттуу таасир тийгизген.
Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли
(өткөн жылдын декабрына карата пайыздар менен)
Азык-түлүк товарларына баанын төмөндөөсү менен шартталган 2006-жылдын февральайы менен салыштырганда баалардын өсүш арымынын төмөндөшү байкалууда. Баалардын олуттуу төмөндөшү төмөнкү категориядагы азык-түлүк товарлары боюнча белгиленген: мөмө-жемиш жана жашылчага 3,1 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага - 2,5 пайызга, шекерге - 1,4 пайызга. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын индекси 2007-жылдын февраль айында 0,3 пайызга өстү, ал негизинен баанын курулуш материалдарына 4,2 пайызга, газга - 2,8 пайызга өсүшүнөн улам болгон. Күйүүчү-майлоочу материалдарга, анын ичинде бензинге - 2,9 пайызга, дизель отунуна - 1,9 пайызга баалардын төмөндөшү, баалардын жалпы деңгээлине кармалып туруусуна таасир тийгизген. Калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси 2007-жылдын февраль айында баанын байланыш кызматына 1,5 пайызга, ресторандардын жана мейманканалардын кызматына 0,5 пайызга өсүшүнүн натыйжасында 0,5 пайызга өскөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|