Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга, «Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсына жана кредиттик союздарга Улуттук банктын расмий вебсайтынын Ченемдик актылар/Талкуулоо үчүн долбоорлор бөлүгүнө жайгаштырылган «Банктын ишин тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлгандыгын маалымдайт. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы аталган долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2008-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт. Ошондой эле бул бөлүктө «Ипотекалык кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр» документинин долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлган. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы коммерциялык банктардан аталган долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2008-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөттө uboobekova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.
Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензияларды/күбөлүктөрдү берген: 1. ЖЧК «Центр Капитал» МККсына (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2008-жылдын 7-августунда берилген № 149 күбөлүк). Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Асанбай кичирайону, 29-42; 2. ЖЧК «Береке-Байлык» МККсына (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2008-жылдын 8-августунда берилген № 150 күбөлүк). Юридикалык дареги: Бишкек шаары, «Ак Босого» жаңы конушу, Чүй-б көчөсү, 19; 3. Жеке ишкер Дегенбаев Турганбек Орозакуновичке (нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2008-жылдын 8-августунда берилген № 3717 лицензия). Алмашуу бюросу 1986 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө, 176А; 4. Жеке ишкер Джалилова Раиса Николаевнага (нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2008-жылдын 8-августунда берилген № 371-б лицензия). Алмашуу бюросу 1985 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 162; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|