Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
2008-жылдын 28-ноябрында Улуттук банк Башкармасынын кезектеги отуруму өткөрүлүп, анын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акчакредит саясатынын 2009-2011-жылдарга карата негизги багыттары жөнүндө» маселе каралды (№ 43/1). 2008-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2008-жылдын январь-сентябрь айларындагы акчакредит саясатынын жыйынтыгын жана алдыдагы мезгил ичине каралган акчакредит программасынын долбоорлорун талкуулады. Башкармалыктын отурумунун жүрүшүндө жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу кыйла катуулатылган акчакредит саясаты жана Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар акыркы айларда инфляция арымын басаңдатууга алып келген: үстүбүздөгү жылдын июль айында баалардын өсүшү байкалган эмес, август айында 0,3 пайыз деңгээлиндеги дефляция байкалган, ал эми сентябрь жана октябрь айларында инфляция, тиешелүүлүгүнө жараша, 0,7 жана 0,9 пайызды түзгөн. Инфляциялык тобокелдиктер төмөндөгөн, бирок дале болсо сакталууда. Өткөн жылы инфляциянын ылдамдашы тышкы баа эпкиндеринен улам жүргөн эле, ошол себептүү алгылыктуу кыйла катуулатылган акчакредит саясатын жүргүзүү керектөө себетинин башка компоненттерине карата баанын кескин жогорулоо тенденциясынын таркатылышына жол бербөөгө багытталган Жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция өткөн жылдын деңгээлинде түптөлөөрү күтүлүүдө. Ачык рыноктогу операциялар боюнча негизги каражаттар болуп, өткөн жылдагыдай эле, ноталар жана репо-операциялар эсептелген. Ноталарды сатуу көлөмү 2008-жылдын январь-сентябрь айларында 12420,7 млн. сомду түзгөн, 2007-жылдын тиешелүү мезгилинде бул көрсөткүч 1014,3 млн. сом эле. Ноталарды сатуу көлөмүнүн көбөйүшү Улуттук банктын эсептик ченинин жогорулоосу менен коштолгон. Улуттук банк тарабынан 1269,2 млн. сом суммасына кайтарым репо-операциялары жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 2,2 эсеге аз (2817,1 млн. сом). Үстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында Улуттук банк АКШ долларын колдонуу менен кайтарым своп-операцияларын жүргүзүүнү уланткан. Бул операциялардын көлөмү 1993,9 млн.сомду түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги 548,9 млн.сом көрсөткүчүнөн 3,5 эсеге жогору. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|