Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жаңылыктары
2009-жылдын 10-сентябрынан 13-сентябрына дейре көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде «Глобалдуу финансылык кризис шарттарындагы акча-кредит саясаты» темасындагы Орто Азиянын, Кара деңиз регионунун жана Балкан мамлекеттеринин борбордук банктарынын жетекчилери Клубунун кезектеги XXII отуруму өткөрүлдү. Отурумдун натыйжасында Протоколго кол коюлду. Отурумдун жүрүшүндө акча-кредит саясаты жана банк иши маселелери боюнча интерактивдүү пикир алмашуу жана улуттук тажрыйба алмашуулар өткөрүлүп, ошондой эле учурдагы өз ара карым-катнаштарды жана регионалдык кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелери да талкууга алынды. Отурумдун негизги докладчылары катары Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын Төрагасы С.М.Игнатьев жана Швейцария Улуттук банкынын Башкарма мүчөсү Томас Йордан мырзалар сөз сүйлөштү. Маалымат үчүн: Борбордук банктардын Жетекчилери Клубу Турциянын Борбордук банкынын демилгеси менен 1998-жылы уюштурулган, өз формасы боюнча регионалдык эл аралык уюм болуп саналат, негизги максаты болуп катышуучу-өлкөлөрдүн борбордук банктарына акча-кредит саясатын жүргүзүү, банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, банк системасынын туруктуулугуна колдоо көрсөтүү маселелери боюнча мезгил-мезгили менен пикир алмашуу мүмкүндүгүн берүү эсептелет. Клубдун милдеттерине андан тышкары жогоруда аталган маселелер боюнча өз мүчөлөрү ортосунда маалыматтар менен алмашып туруу да кирет. Клубдун Протоколу борбордук банктардын ишинин конкреттүү багыттары боюнча иликтөөлөрдү жана региондун экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында макроэкономикалык жагдайларга анализдөөлөрдү жүзөгө ашыруу максатында жумушчу топторду түзүү мүмкүндүгүн да караштырат. Учурда Клубдун мүчөлөрү болуп жыйырма борбордук банктардын Жетекчилери эсептелишет, алар Албаниянын, Болгариянын, Босния жана Герцеговинанын, Грециянын, Польшанын, Македониянын, Румыниянын, Турциянын, Черногориянын, Сербиянын, Израилдин, Армениянын, Украинанын, Россиянын, Азербайджандын, Грузиянын, Тажикстандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Молдованын борбордук банктары.
Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензияларды (күбөлүктөрдү) берген: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|