Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2009-жылдын 28-декабрында Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен «Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду» ЖЧКсынын кредиттөө максатындагы базалык чени 2010-жылдын январь айы үчүн 8,0 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырылгандыгын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, өзүнүн расмий сайтынын Улуттук банктын нормативдик актылары/Талкуулоо үчүн долбоорлор бөлүгүндө «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашыруучу микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык (резервдик) талаптары жөнүндө» жобонун долбоору жайгаштырылгандыгы тууралуу микрофинансылык компанияларга, Микрофинансы уюмдары ассоциациясына билдирет. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы аталган долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2010-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө nasanalieva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2009-жылдын 31-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык ломбарддардын иши лицензияланбай тургандыгы тууралуу маалыматты кайталап билдирет. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө киргизилген («Эркин-Тоо» газетасынын 2009-жылдын 8-сентябрындагы № 78 саны). Ломбарддар жарнак проспектилеринде, кулактандырууларда ж.б. учурларда, Улуттук банк тарабынан мурда берилген лицензияларынын катар номерлерин колдонууга укугу жок экендигине көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз. Жогоруда аталып кеткен мыйзамдын аткарылышы үчүн ломбарддардын лицензиялары Улуттук банк тарабынан жокко чыгарылган жана кайтарылып алынган. Ломбарддардын ишине тиешелүү маселелер боюнча Улуттук банктын Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмүнө 660-91-34 жана 66-90-08 телефондору аркылуу кайрылуу керек.
Банктык эмес финансы мекемелеринин жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемесине күбөлүк берилген: КФ «Алъянс-Капиталъ» МКАсына (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2010-жылдын 13-январында берилген № 187 күбөлүк). Юридикалык дареги: Ош областы, Ош шаары, Сүйүнбаев атындагы көчө, 4.
Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемесинин күбөлүгү жокко чыгарылган: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|