Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жаңылыктары
2010-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу З.Л.Чокоев мырзанын республиканын коммерциялык банктарынын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө З.Л.Чокоев мырза коммерциялык банктардын жетекчилерине Улуттук банк Башкармалыгынын 2010-жылдын 19-апрелиндеги «Азия-Универсалбанк» ААКы, ИБ «Ысык-Көл» ААКы, «Манас Банк» ЖАКы, ИАКБ «Акыл» ААКы, «Кыргыз-КредитБанк» ААКы, «Банк Бакай» ААКынын кардарлары: жеке адамдар, юридикалык жактар, жеке ишкерлер менен банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү жөнүндө № 19/1 токтому кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады.
Бишкек шаарынын Прокурорунун 2010- жылдын 19-апрелиндеги токтомуна ылайык, ошондой эле банк тутумунун туруктуу иштешин жана капиталдын жылып жүрүүсүнө, банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын көздөө менен активдердин сакталып турушуна көзөмөлдүктү камсыз кылуу максаттарында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 32-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 45-статьясынын негизинде «АзияУниверсалбанк» ААКы, ИБ «Ысык-Көл» ААКы, «МанасБанк» ЖАКы, ИАКБ «Акыл» ААКы, «КыргызКредитБанк» ААКы, «Банк Бакай» ААКынын кардарларын тейлөөнү камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-апрелиндеги № 19/1 токтому менен 2010-жылдын 19-апрелинин саат 14.00үнөн тартып жогоруда аты аталган банктарда Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери эмес жеке адамдар, юридикалык жактар, жеке ишкерлерди тейлөөнү (кредиттерди жана аларга теңдештирилген активдерди берүүдөн, капиталга, мамлекеттик болуп саналган баалуу кагаздардан башка баалуу кагаздарга инвестициялоодон, ошондой эле негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге салымдардан тышкары) жүргүзүү чечими кабыл алынган. «АзияУниверсалБанк» ААКында Кыргыз Республикасынын резиденттери эмес болуп саналган юридикалык жактардын операциялары токтотулган бойдон калууда, ал эми резидент юридикалык жактар үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө чектөө киргизилген. Ошондой эле «Манас Банк» ЖАКында Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган юридикалык жактар жана жеке адамдар менен операциялар жүзөгө ашырылбайт.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|