Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майында өткөрүлгөн отурумунда төмөнкү маселелер каралган жана тиешелүү токтомдор кабыл алынган: 2010-жылдын 1 чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет жана келечекке каралган акча-кредит программасы тууралуу (№ 36/1); Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар системасын өнүктүрүү тенденциялары жөнүндө (№ 36/2); Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (№ 36/3), бул токтомго ылайык МФКлардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр бекитилген, бул өзгөртүүлөр кредиттөө көлөмдөрүн кеңиртүү жана микрофинансы уюмдарын өнүктүрүү максаттарында регулятивдик талаптарды либералдаштырууга багытталган; Активдерди класстарга бөлүштүрүү жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (№ 36/4); төлөм системасынын утурумдук абалы тууралуу отчет (№ 36/5); банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик макулдашууларга келишүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө (№ 36/7); тике своп операцияларын өткөрүү жөнүндө (№ 36/11); Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (№ 36/15), бул токтомго ылайык «Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине» өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Кредиттик союздарды өнүктүрүү максаттарында жана алардын кызыкчылыктарын көздөгөн Ассоциациялар тарабынан бир катар кайрылуулар болгондугуна байланыштуу, кредиттик союздар үчүн регулятивдик талаптар өзгөртүлгөн.
Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин жаңылыктары
Улуттук банк тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерге лицензиялар (күбөлүктөр) берилген: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|