Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жумалык жаңылыктары
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын № 73/3 «Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн милдеттенмелер тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Бул токтом 2010-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 2010-жылдын 14-сентябрында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркулдун Кыргыз Республикасындагы Кызматташуунун Швейцария Бюросунун (SECO) башында SECOнун Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын Директорунун Орун басары Сакс мырза турган делегациясы менен жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бул уюм менен кызматташуусуна тиешелүү, анын ичинде аракеттеги жана келечекте мүмкүн болгон долбоорлорду жүзөгө ашырууга тийиштүү маселелерге токтолушту. Абдыбалы тегин Суеркул мырза учурда Улуттук банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү курамын күчөтүү боюнча долбоор; мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча долбоор сыяктуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга тартылганын белгилеп өттү. Ошондой эле SECO менен чекарага жакын жерлердеги соода-сатыкты жана расмий статистикага кирбей калган товарларды реэкспорттоону изилдөө боюнча долбоордун алкагында кызматташуу улантылууда. Андан тышкары, жолугушуу учурунда Швейцариянын Улуттук банкы менен кызматташуу темасы да талкууланды, бул кызматташуу он жылдан ашык мезгилден бери ийгиликтүү улантылууда. Швейцариянын Улуттук банкы биздин Улуттук банкка стажировкаларды жана семинарларды уюштурууда, ошондой эле Улуттук банктын ишинин негизги багыттары боюнча кеп-кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүүдө өлчөө жеткис жардам көрсөтүп келет. Жолугушуунун акырында тараптар бири бирине пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү болгону үчүн ыраазычылыктарын билдиришти жана келечекте жемиштүү кызматташууга мындан ары да шарт түзүлө берерине ишенимдери бар экенин билдиришти. 2010-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Бишкек шаардык район аралык сотунун Улуттук банктын «АзияУниверсалБанк» ААКын банкрот деп таануу жөнүндөгү доо арызы боюнча чечимине апелляциялык даттануу арызын кароо 2010-жылдын 23-сентябрына саат 16:00гө калтырылганы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|