Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январында өткөрүлгөн отурумунда төмөнкү маселелер каралган жана алар боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынган: - Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлунда кабыл алынган № 32/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо тартиптерин» бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (№ 4/1); - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору жөнүндө (№ 4/2); - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу (№ 4/3); - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө (№ 4/6). 2010-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасына расмий визит менен Дүйнөлүк банктын Аткаруучу Директору, мырза Мишель Мордасини жана Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу Директору, мырза Рене Вебер келип кетишкен. Визиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи Вице-премьер-министри, Финансы министри жана Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Визиттин негизги максаты болуп республикадагы социалдык-экономикалык жана саясий жагдай менен таанышуу, кызматташуунун жаңы программасын талкуулоо эсептелген. Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу Жеенбаева Б.Ж. айым менен жолугушуунун жүрүшүндө макроэкономикалык кырдаалга, акча-кредит саясатына жана инфляцияга, ошондой эле республиканын банк секторундагы жагдай тууралуу маселелер талкууланган. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык, ошондой эле кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча «Манас банк» ЖАКы жана «КыргызКредит Банк» ААКынын кызмат адамдарынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), коррупцияга жана кылмыш коомчулугу менен байланышта болгон кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу, Улуттук банк Башкармасы тарабынан «Манас банк» ЖАКы жана «КыргызКредит Банк» ААКында 2011-жылдын 31-январынын саат 08:00үнөн тартып Убактылуу жетекчилик режимин токтотуу жана 2011-жылдын 31-январынан тартып консервациялоо режимин киргизүү чечими кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|