Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартында өткөрүлгөн отурумунда төмөнкү маселелер каралган жана алар боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынган: - «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү өткөрүүнүн Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (№ 20/6); - «Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагындагы гросс системасы аркылуу электрондук билдирмелерди өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (№ 20/7).
Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин жаңылыктары
Улуттук банк тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерге лицензиялар (күбөлүктөр) берилген: 1. ЖЧК «ЭлдикКредит» МККсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2011-жылдын 29-мартында берилген № 351 күбөлүк. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кемин району, Кемин шаар тибиндеги кыштагы, Каракол көчөсү, № 1, «Жыргал» соода комплекси. 2. ЖЧК «Эмир и К» МККсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2011-жылдын 30-мартында берилген № 352 күбөлүк. Юридикалык дареги: Нарын областы, Нарын шаары, Ч.Түлөбердиев көч., 24. 3. ЖЧК «Озгон финансы» МККсына жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чакан кредиттерди берүүгө 2011-жылдын 31-мартында берилген № 353 күбөлүк. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн ш., Ленин көч., 125. 4. Жеке ишкер Григоренко Михаил Ивановичке нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 29-мартында берилген № 4591 лицензия. Алмашуу бюросу 2696 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Тынчтык проспекти, 16. 5. Жеке ишкер Воронин Валерий Викторовичке нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 29-мартында берилген № 4592 лицензия. Алмашуу бюросу 2697 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Бейшеналиева көч., 23. 6. Жеке ишкер Ботобаев Олжобай Кочконовичке нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 31-мартында берилген № 4593 лицензия. Алмашуу бюросу 2698 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Дордой базары, борбордук өтмө жол, № 15 конт.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|