Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
«Альфа Телеком» ЖАКынын финансылык операцияларын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук Казыналыгы үчүн сомдук эсепти ачууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы борбордук банк, башкача айтканда биринчи деңгээлдеги банк болуп саналат. Буга байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республликасынын Улуттук банкында эсептерди ача алышпайт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгы үчүн «Альфа Телеком» ЖАКынын финансылык операцияларын жүргүзүү максатында сомдук эсеп ачылган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгы бул эсептин ээси болуп саналат, ошол себептүү бул эсеп боюнча маалымат алуу максаттарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгына кайрылуу зарыл. Мында билдирип кете турган нерсе, 1994-жылдын 28-майында кабыл алынган № 1554-ХII «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Мыйзамдын 4-беренесинин II главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төлөмдөрүн жана келип түшүүлөрүн тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында эсептерди ачууга укуктуу. 1994-жылдын 28-майында кабыл алынган № 1554-ХII «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат жана Казыналык Кыргыз Республикасынын Консолидацияланган фондун түзөт. Консолидацияланган фондго мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бардык кирешелери жана келип түшүүлөрү жөнөтүлүп турат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын Консолидацияланган фондду башкаруусу, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептериндеги акча каражаттарын башкаруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын өзгөчө милдети болуп эсептелет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|