Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 1-августунда өткөрүлгөн отурумунда «Кредиттик союздарга колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын капиталындагы 100% үлүштү кредиттик союздарга сатуу жөнүндө маселе каралган.
«Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду» ЖЧКсы өзүнүн жабыла тургандыгын жарыялайт. Доо талаптары кат жүзүндө ушул жарыя жарык көргөн күндөн тартып эки ай ичинде Бишкек ш., Исанов көч., 5 дареги боюнча кабыл алынат. Тел. 31 48 57.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга өзүнүн расмий сайтынын Улуттук банктын нормативдик актылары/Талкуулоо үчүн долбоорлор бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун долбоору (орус тилинде) коомчулуктун талкуусуна коюлгандыгы тууралуу билдирет. Акча-кредит операциялары башкармалыгы аталган долбоор боюнча өз сунуштарыңыздарды жана сын-пикирлериңиздерди кат түрүндө же аuseinova@nbkr.kg электрондук дарегине 2011-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөт ичинде жөнөтүүнү өтүнөт.
Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин жаңылыктары
Улуттук банк тарабынан төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерге лицензиялар (күбөлүктөр) берилген: 1. Жеке ишкер Камалов Талантбек Дуйшебековичке накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 1-августунда берилген № 4739-лицензия. Юридикалык дареги: Ысык-Көл обл., Каракол ш., Токтогул көч., номерсиз («Триада-ДМ» соода үйү). 2. Жеке ишкер Исмаилов Бакытбек Жумабековичке накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2011-жылдын 4-августунда берилген № 4740-лицензия. Алмашуу бюросу 2809 номеринде катталган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Дэн Сяопин көч, 10/2. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|