Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
2011-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынды жана алар боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды: «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-2014-жылдарга акча-кредит саясатынын негизги багыттары жөнүндө» № 68\1; «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 68\3 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерине» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө; «Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 10-мартындагы № 3/3 токтому менен бекитилген, «Улуттук банктын электрондук тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда МКВлар менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартибине» толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 68\4; «Биздин балдардын дүйнөсү» жана «Улуу жибек жолу» серияларына арналган, коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө» № 68/7. 2011-жылдын 15-декабрында (IFC) Эл аралык Финансы Корпорациясы тарабынан Борбордук Азияда финансылык инфраструктураны бекемдөө боюнча долбоордун алкагында, Ош шаарында, ар кандай басылмалардын журналисттеринин катышуусу менен «Банктык кредиттөө жана Керидиттик бюронун Кыргызстандагы институту» деген темада медиа-тренинг уюштурулган. Иш-чара, «Ишеним» КМБ менен биргеликте Кыргызстан Банктар Союзунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катышуусунда өткөрүлгөн. Финансы сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу жана алардын банктар жана МФУлардын кредиттик иши тууралуу айтып берүүсү, журналисттердин кызыгуусун арттырып, алгылыктуу пикирлер айтылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, анын расмий веб-сайтында, Ченемдик актылар//Талкуулоо үчүн долбоорлор бөлүгүндө төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымдайт: - Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар; - «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо; - «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан, коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|