Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жумалык жаңылыктары
Россия Федерациясынын аймагында 1997-жылы чыгарылган үлгүдөгү 2010-жылы модификацияланган 500 жана 5000 рубль номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылгандыгы тууралуу Кыргыз Республи-касынын Улуттук банкы маалымдайт.
5000 рубль номиналындагы банкноттун сүрөттөлүшү
Модификацияланган банкнот 1997-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттой эле форматка жана сюжеттик чагылдырууга ээ. Алдыңкы жана арткы бетиндеги көркөм сүрөт-төлүшү жана түсү бир аз гана өзгөртүлгөн. Өркүндөтүлгөн банкноттун алдыңкы бетинин сол жактагы купондук тилкенин төмөнкү бөлүгүндөгү негизги сүрөттөлүштүн сол тарабында «2010-ЖЫЛКЫ МОДИФИКАЦИЯ» деген жазуу чагылдырылган. Негизги коргоо элементтери: - Банкноттун алдыңкы бетиндеги түшүрүлгөн сүрөттөлүш, жазуулар, номинал жана анын купондук тилкелеринин четинде билинер-билинбес штрихтер рельефтик ыкмада берилген; - суу белгиси - Н.Н. Муравьев-Амурскийдин элесинин түстүү түрдө берилиши жана «5000» сандык номиналынын ачык түстө чагылдырылышы. - Sраrk - банкноттун алдынкы бетиндеги Хабаровск шаарынын гербиндеги банкноттун ар бир четинен алып кароодо көрүнгөн ачык күмүш түстөгү тилке банкнотту ар бир бурчунан жантайтып кароодо, чок ортосунда жайгашкан герб жогору же төмөн көздөй жылат; - коргоо тилкеси - банкноттун алдыңкы бетиндеги фигуралык формалык көзөнөкчөсүндөгү кагаз жондонуп билинип турат. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо номиналдын «5000» деген саны салыштырмалуу бири-бирин көздөй жылат. Жарыкка салып кароодо тилке үзгүлтүксүз, бири-бирине дал келет; - көп түстүү чагылдырылышы (MVC+) - банкноттун алдынкы бетине түшүрүлгөн элестин сол жагындагы бир түстөгү тилкеде, банкнотту жантайыңкы алып кароодо кызыл жана жашыл түстөгү тилкелер пайда болот, алар тилкенин төмөнкү бөлүгүнүн кара түстө берилген бөлүгүндө дайыма байкалып турган түстүү тилкелердин уландысы сыяктуу көрүнөт; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|