Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 174-б буйругуна ылайык жактырылган
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Азербайжан Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги, дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууга ниеттерин билгизишип, өз ара пайдалуу шарттарда узак мөөнөттүү кызматташууга көмөк көрсөтүүнү жана тереңдетүүнү каалап, Тараптардын ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу алардын өз ара кызыкчылыктарына эң жакшы түрдө жооп берерин тастыктап, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар ушул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайдалуу негизде дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууну чыңдашат жана өнүктүрүшөт.
Тараптар эл аралык спорттук иштер жаатында кызматташууну өнүктүрүшөт. Тараптар эл аралык спорт маселелери боюнча маалыматтарды жана тажрыйба алмашуу максатында эки өлкөнүн делегациялары эки тараптуу консультация өткөрүп туруу жөнүндө макулдашты. Тараптар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча улуттук, региондук жана клубдук командаларынын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар өзүлөрүнүн улуттук спорт ассоциацияларына эки өлкөдө спортту өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашууну жана өз ара кызматташууну чыңдоо жана түз байланышуу маселелеринде көмөк көрсөтүүгө тийиш. Тажрыйба алмашуу боюнча программалар эки Тараптын тийиштүү спорт уюмдары же спорт ассоциациялары тарабынан консультациялар аркылуу чечилиши керек.
Тараптар өздөрүнүн спортсмендеринин даярдык деңгээлин жана катышуусун жогорулатуу максатында, башка Тарап өткөрүүчү көп тараптуу спорттук мелдештерге жана машыгуу курстарына катышууга шыктандырат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|