Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 13-мартындагы № АД-16/12-МТ токтому
Иш № АД-16/12-МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-157/12 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу судья: Жороев К., судьялар: Алыбаева Н.А., Арапбаев Н.М., соттук отурумдун катчысы: Абышов Б., тарап: Талас регионалдык кооперативдер союзунун төрагасы - Ш.Молдалиевдин кагышуусунда, ачык соттук отурумда арыз берүүчү А.Мамбетова Талас шаарынын Мэриясына карата Талас шаарынын Мэриясынын 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 197-токтомун жокко чыгарып берүү жана 1998-жылдын 23-апрелиндеги № 108-токтомунун аткарылышын милдеттендирип берүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 26-октябрындагы аныктамасына жана Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы аныктамасына карата көзөмөл иретинде келтирген А.Мамбетованын даттануусун карап, (даттанылып жаткан соттук актыларды кабыл алган судьялар: А.Бекмурзаев., Ибраимов М.И., Бердикеев Т.Н., Момуналиев А.Ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Н.Арапбаевдин баяндамасын, иш боюнча тарап Талас регионалдык кооперативдер союзунун төрагасы - Ш.Молдалиевдин пикирин угуп, соттук коллегия тапты: А.Мамбетова Талас шаардык мэриясынын 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 197-токтомун жокко чыгарып, 1998-жылдын 23-апрелиндеги № 108 сандуу токтомун аткарылышынын милдеттендирип берүү жөнүндөгү доо арыз менен Талас областынын райондор аралык сотуна кайрылган. Соттук отурум башталар алдында, А.Мамбетова иш боюнча жазуу түрүндө негиздерин көрсөтүп, төрагалык кылуучу судья А.Бекмурзаевден баш тартаарын билдирген. Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 26-октябрындагы аныктамасы менен арыз ээси А.Мамбетованын Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы А.Бекмурзаевден баш тартуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылып, ишти маңызы боюнча кароо 2011-жылдын 27-октябрына саат 11-00 гө калтырылган. Кабыл алынган Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 26-октябрындагы судьядан баш тартуу арызы боюнча кабыл алынган аныктамасына А.Мамбетова апелляциялык жеке даттануу келтирип, анда бул аныктаманы мыйзамсыз деп эсептеп аталган ишти судья А.Бекмурзаевдин кароосуна каршы экендигин көрсөткөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|