Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер
Иш № АД-000290/11-МО Көзөмөл өндүрүшү № 06-46/12 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: Арапбаев Н.М., судьялар: Альпиева А.Н., Максимбекова Д.Э. (баяндамачы-судья), сот отурумунун катчысы: Абышов Б., Карасуу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын ишенимдүү өкүлү - А.Кабыловдун (18.01.2012-ж. ишеним каттын негизинде), катышуусу менен соттун ачык отурумунда Р.Акбарходжаев менен М.Артыковдордун № АД-000290/11 МО иши боюнча чыгарылган Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 14-октябрындагы чечимине жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 7-декабрындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл даттануусун карады. Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 14-октябрындагы чечими менен М.Мирзаеванын негизги жана кошумча доо арыздары канааттандырылган. Нариман айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрында № 222 токтому толугу менен, 2008-жылдын 12-марттагы № 114 токтомун жана Нариман айылдык Кеңешинин 2008-жылдын 30-декабрындагы № 12 токтомун М.Мирзаевага карата, башкача айтканда Нариман айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-октябрындагы № 676 токтомун жараксыз деп табуу бөлүгүн жараксыз деп табылган. Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармасы тарабынан 2011-жылдын 19-январында берилген Ч № 296492 сандуу Р.Акборходжаеванын атына жазылган Жер участогуна болгон жана менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт жана Р.Акборходжаева менен М.Артыковдун ортосундагы 2011-жылдын 28-мартындагы № 11092 саны менен катталган жер участогун сатып алуу-сатуу келишими жараксыз деп табылган (судья: Кулакматов Б.О.). Ош областтык сотунун 2011-жылдын 7-декабрындагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 14-октябрындагы чечими өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылган (судьялар: Галиева Ж.Д., Кадыров К.С., Кубатов А.Э.). тапты: Мирзаева М.Н. Нариман айыл өкмөтүнө, Кара-Суу райондук Госрегистрине, Р.Акборходжаевага, М.Артыковго карата Нариман айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрында № 222 токтомун, 2010-жылдын 12-январындагы мамлекеттик актысын жана Р.Акборходжаева менен М.Артыковдун ортосунда түзүлгөн жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен Ош областынын райондор аралык сотуна кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|