Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер
Иш № АД-151/11 МД Көзөмөл өндүрүшү № 6-224/12 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Арстанбаева Д.Э., судьялар: Алыбаева Н.А., Жороев К.Ж., катчы: Бекенов Т., тараптар: И.Апатаевдин катышуусу менен, ачык соттук отурумда Жалал-Абад шаардык Мэриясынын Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 12-январындагы чечимине көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 14-ноябрындагы чечими менен арыз канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык Мэриясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 508, № 509 токтомдору жана Жалал-Абад шаардык Мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети менен И.Апатаевдин ортосунда түзүлгөн 2011-жылдын 11-июлундагы № 06 ДУ, № 07 ДУ жерди ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндөгү келишимдери жараксыз деп табылып, жоопкер И.Апатаевден мамлекет пайдасына 10 сом жана эки келишим үчүн 2000 сомдон 4000 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (судья: Насирова Т.Ж.). Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 12-январындагы чечими менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 14-ноябрындагы чечими алынып салынып, арыздын Жалал-Абад шаардык Мэриясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 508, № 509 токтомдорун жараксыз деп табуу жөнүндөгү бөлүгү өндүрүштөн кыскартылып, арыздын 2011-жылдын 11-июлундагы № 06 ДУ, № 07 ДУ жерди ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндөгү келишимдери жараксыз деп табуу жөнүндөгү бөлүгү канааттандырылуудан баш тартылып, апелляциялык арыз канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык Мэриясынан мамлекет пайдасына 6000 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу: судья Чаканов Э.С., судьялар: Каипова Н.К., Сарыков Ю.С. баяндоочу). Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Жороевдин баяндамасын, иш боюнча тарап И.Апатаевдин көрсөтмөсүн угуп, соттук коллегия, тапты: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|