Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер
Иш № АД-127/11 МТ К/ө № 06-159/12 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Арапбаев Н.М., судьялар: Осмоналиев К.Т., Аманалиева Б.К., сот отурумунун катчысы: Бекенов Т., тараптар: С.Айталиевдин, М.Мамытовдун өкүлү - А.Мамытовдун (2011-жылдын 6-сентябрындагы ишеним каттын негизинде), катышуусунда, соттун ачык отурумунда М.Мамытовдун Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 19-сентябрындагы аныктамасына, ал аныктама менен М.Мамытовдун С.Айталиевдин наамына Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы 616-контурда белгиленген 3 га жайыт жерге мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу, Манас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан С.Айталиевдин наамына берилген 2005-жылдын 21-июнундагы № 0019660 сандуу жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган (төрагалык кылган: Бекмурзаев А.Т.), жана Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 14-ноябрындагы аныктамасына карата келтирилген даттануусун карап, ал аныктама менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 19-сентябрындагы аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган (төрагалык кылган: Кенжешов М., судьялар: Калиева К., Момуналиев А.), баяндамачы судья Б.Аманалиеванын баяндамасын, жана ишке катышкан жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, тапты: Мамытов Манасбек Анаркулович Талас райондор аралык сотуна Айталиев Сартайдын наамына Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы 616-контурда белгиленген 3 га жайыт жерге мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу, Манас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Айталиев Сартайдын наамына берилген 2005-жылдын 21-июнундагы № 0019660 сандуу жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы менен кайрылып, талаптарды төмөндөгүдөй негиздеген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|