Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгымдарын контролдоо жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-августундагы № 563 токтомуна ылайык кайра сурап алынды
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 491 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгымдарын контролдоонун негизги принциптерин, чыгымдарга контрол жүргүзүүгө байланыштуу берилген чыгымдар жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүү тартибин белгилейт, мыйзамдуу кирешелерге сатылып алынгандыгы жөнүндө күбөлөгөн маалымат берилбеген мүлктү Кыргыз Республикасынын кирешесине алуу механизмин аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты жеке адамдын - Кыргыз Республикасынын жаранынын ири чыгымдары анын кирешелерине ылайыктуулугун белгилөө болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: чыгымдарын контролдоо субъекттери-бир миллион сом жана андан жогорку суммада мүлктү сатып алуу боюнча бир жолку бүтүмү жасаган же жыл ичинде эки миллион сом суммасында жана андан жогору суммада мүлктү сатып алуу боюнча эки жана андан ашуун бүтүмдөрдү жасаган жеке адам - Кыргыз Республикасынын жараны; кыймылдуу мүлк - акчалай каражат (улуттук жана чет өлкөлүк валютада), транспорт каражаттары, юридикалык жактардагы үлүштөр (акциялар), баалуу кагаздар; кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык аныкталуучу кыймылсыз мүлк; ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - ушул мыйзамда каралган тартипте чыгымдарын контролдоо субъекттеринен атайын декларация кабыл алуучу Кыргыз Республикасынын салык органдары.
3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу - ушул Мыйзамда каралган өлчөмдөрдө чыгымдар жүргүзгөн жеке адамдарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына таралат.
4-берене. Жеке адамдын чыгымдарын контролдоо
Жеке адамдын чыгымдарын контролдоо ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан чыгымдарын контролдоо субъекттеринен жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоону, бул мүлк менен бүтүмдөрдү жасалган каттоону, ошондой эле бул мүлккө укукту каттоону ишке ашырган компетенттүү мамлекеттик органдардан маалымат алуу аркылуу жүргүзүлөт.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|