Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 491 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
1-берене. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 111-беренеси менен толукталсын: «111-берене. Жогорку администрациялык жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар үчүн чектөөлөр
Жогорку администрациялык жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын, алар аталган кызмат орундарын ээлеген мезгилде телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана электрондук кабарлардын жашырындуулугуна укугун чектөөгө макулдук берген адамдар ээлей алышат. Жогорку администрациялык же саясий кызмат ордуна дайындалганга чейин телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана электрондук кабарлардын жашырындуулугуна чектөөгө макулдугун берген адам өзүнүн укугун кат жүзүндөгү формада тариздейт, ал мамлекеттик кызматчынын жекече ишинде сакталат.». 2-берене. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезитинин 2011-жылдын 22-июлундагы № 59 саны) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин l-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «1. Жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген, ошондой эле ал аталган кызмат ордун ээлеген мезгилде телефондук сүйлөшүүлөрдү жана электрондук кабарларды жашырындуулугуна өзүнүн укуктарын чектөөгө макулдук берген Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны аким боло ал алат.». Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|