Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 7-июнундагы № ЭД-000235/11-МО токтому
Иш № ЭД-000235/11-МО Көзөмөл өндүрүшү № 6-175/12 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу судья: Аманалиева Б.К., судьялар: Арапбаев Н.М., Жороев К.Ж., катчы: Бекенов Т.О. тараптарсыз Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин Ош районундагы аскерлердин турак-жай пайдалануу бөлүмүнүн Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 21-декабрындагы чечимине, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 13-февралындагы аныктамасына көзөмөл иретинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды. Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 21-декабрындагы чечими менен доо арыз канааттандырылып, жоопкерден доогердин пайдасына 278 528 сом өндүрүлүп, жоопкерден республикалык бюджеттин пайдасына 10 856 сом мамлекеттик алым жана 96 сом почта чыгымдары өндүрүлгөн. (Төрагалык кылуучу Алибаев А.И.) Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 13-февралындагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 21-декабрындагы чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылып, жоопкерден республикалык бюджеттин пайдасына 5 428 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. (Төрагалык кылуучу Токтомушев М.М., судьялар: Кадыров К.С. баяндоочу, Кубатов А.Э.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Жороевдин баяндамасын, соттук коллегия тапты: Доогер Ош областтык мамлекеттик архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы Ош областынын райондор аралык сотуна Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин Ош районундагы аскерлердин турак-жай пайдалануу бөлүмүнө карата турмуш тиричилик төлөмдөрү боюнча 278 528 сом карызды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылып, аны төмөндөгүдөй негиздеген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|