Долбоор
Түрк маданияты жана мурасы фондусунун
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 423-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Туркия Республикасынын Өкмөттөрү, тарыхын, маданиятын жана бул элдердин каада-салттарынын жалпылыгын жетекчиликке алып, Түрк тилдүү элдердин маданий мурастарын өнүктүрүүгө жана сактоого байланышкан ишти жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Түрк тилдүү элдердин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды бекемдөөнүн, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, 2009-жылдын 3-октябрында Азербайжан Республикасынын Нахчывань шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын IX Саммитинде бекитилген Түрк маданияты жана мурасы фондусун түзүү жөнүндө чечимин жана 16-сентябрда Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын X Саммитинде көрсөтүлгөн колдоону эске алып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Түрк маданияты жана мурасы фондусу
Тараптар Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Түрк маданияты жана мурасы фондусун (мындан ары «Фонд» деп аталат) - эл аралык уюмун түзүшөт.
Фонддун максаты болуп түрк маданиятын жана мурасын сактоо, изилдөө жана алга жылдыруу эсептелет.
Жогоруда жазылган максатка жетүү үчүн, Фонд: - Түрк маданиятын жана мурасын коргоо, сактап калуу, кайра калыбына келтирүү жана алга жылдыруу үчүн акча каражатын бөлүп турат; - Түрк маданиятын жана мурасын сактоо, кайра калыбына келтирүү жана алга жылдырууга байланышкан илимий жана техникалык маселелерди чечүүгө жардам көрсөтөт; - Түрк маданиятын жана мурасын сактоо, кайра калыбына келтирүү жана алга жылдыруу тармагындагы адистерди даярдоого колдоо көрсөтөт; - семинарларды, жумушчу жолугушууларды, конференцияларды, конгресстерди жана илимий-өндүрүштүк практикаларды, ошондой эле көргөзмөлөрдү уюштурууга жардамын көрсөтөт; - электрондук жана басма илимий мезгилдик басылмаларды жана илимий публикацияларды даярдоого жардам көрсөтөт; - сынактарга, фестивалдарга, турнирлерге ж.б. демөөрчүлүк кылат; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|