Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча кеңеши
(ЭСКЕРТМЕ: төмөндөгү дил баян жазуу үчүн укуктук темалардын тизмеси мурда жарыяланган тизменин 141 иреттик санынан тартып улантылат, ал эми мурдагы 141-иреттик санынан тартып 200-иреттик санына чейинки дил баян темалары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо учурунда колдонулбайт).
141. Айыпсыз аякка тикенек кирбейт 142. Ак ийилет бирок сынбайт 143. Ак иш үчүн ыйласа, азиз көздөн жаш чыгат 144. Ар кимдин өз чындыгы, кызыкчылыгы, ишеними бар 145. Ачуу менен кекчилдик - акылсыздыктын башталган жери 146. Ачылган абийирди алтын менен чулгап койсоң да, жылаңач бойдон кала берет 147. Бардык учурда бардыгын алдоо мүмкүн болбогондой эле, бардыгына жагуу кыйын 148. Беттеген ишиңди баштаардан мурда, беш жолу жакшы жагын, бир жолу жаман жагын ойло 149. Бийликтин кулу болгуча, ыймандын кулу бол 150. Бирөөнүн күнөөсүн бирөө көтөрбөйт, ар кимдики өзүнчө 151. Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бөдөнөдөн куйрук чыгарат 152. Сабырдуу болгун ар иште, салмактуу болгун тар иште 153. Таза адамга чаң жукпайт 154. Ыйман жок жерде - акыл душман 155. Шашкалактык - кыраакылыкты жоготуп коет 156. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат 157. Аюудан корккон отунга барбайт 158. Барымтадан корккон мал бакпайт, чегирткеден корккон эгин экпейт 159. Адал түбөлүктүү, арамдын жолу миң, бирок өмүрү кыска 160. Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр 161. Адамдын убалына калуу эң оор күнөө 162. Айран ичкен кутулуптур, челек жалаган тутулуптур 163. Акча сүйлөгөн жерде, адилеттик, ар - намыс ыйлап турат 164. Акча үчүн ар ким иштейт, абийир үчүн ким иштейт? 165. Акчадан арылсаң күйүнөөрсүң, ар-намыстан арылсаң кантип басып жүрөсүң? 166. Акыйкат асманда, чыкканга шаты жок 167. Акыйкат жолу ичке, таштуу, саздуу 168. Арамдык ишке барсаң - чыр асылат 169. Бай сотко барса барпаңдайт, кедей сотко барса калтаңдайт 170. Байды мактаба, кедейди жектебе 171. Байлыгы бардын - бийлиги бар 172. Байлык менен бийлик кишини сынайт 173. Байлык топтогуча, барк топто 174. Бий экөө болсо, дөө төртөө болот Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|