Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы №566 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 62 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
1-бап. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: 1) укук тартибин камсыз кылуу-адамга, коомго жана мамлекетке келтирилген коркунучтун алдын алуу, ага бөгөт коюу жана жоюу боюнча иш; 2) укук тартибин камсыз кылуу органдары-укук тартибин камсыз кылуу жүзөгө функцияларын ашырууга мыйзамдар менен укук берилген мамлекеттик бийлик органдары.
2-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусунун укуктук негиздери
Укуктук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл-аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар түзүшөт.
3-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуу принциптери
1. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу төмөнкү принциптерге негизделет: 1) мыйзамдуулукка; 2) жарандардын кадыр-баркын, ар-намысын урматтоого; 3) ыктыярдуулукка; 4) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө; 5) укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандарды укуктук жана социалдык жактан коргоого; 6) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын алмаштырууга жол берилбестикке.
4-берене. Укук тартибин камсыз кылуу органдарынын жарандар катышкан иш багыттары
1. Жарандар укук тартибин камсыз кылуу органдарынын ишинин төмөнкү багыттарына катыша алышат: 1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктигин коргоо; 2) коомдук тартипти сактоо; 3) жолдо жүрүү коопсуздугун сактоого; 4) мажбурлап кармоо жерлеринде адам укугунун сакталышына коомдук контроль жүргүзүү; 5) укук тартибин камсыз кылуу органдарынын мыйзамдуулукту сакташына коомдук контроль жүргүзүү; 6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо; 7) укуктук пропаганда жана коопсуз жана укук ченемдүү жүрүм-турум пропагандасы; 8) коомдук аң сезимди коомго карты укукка жат жүрүм-турумду кабыл албоо багытында калыптандыруу; 9) баңгиликтин жана алкоголизмдин алдын алуу; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|