Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
«Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 769 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 31-январындагы № 2730-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2821-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору 1998-жыл, № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 2-берененин 1-бөлүгүндөгү «Коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «коргоо, коопсуздук жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. 4-5-беренелер төмөнкү редакцияда берилсин: «4-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Кыргыз Республикасынын Президенти: 1) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын максаттарын жана милдеттерин аныктайт; 2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт; 3) жалпы же чектелүү мобилизация, аскер абалын, Кыргыз Республикасына каршы агрессия жасалган же түздөн-түз агрессия коркунучу туулган учурда согуш абалын жарыялоо жөнүндө Жарлыкты кийин аны Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин кароосуна токтоосуз киргизүү менен чыгарат. 5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши: 1) мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны мыйзамдык жактан жөнгө салууну жүзөгө ашырат; 2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы эл аралык келишимдерди ратификациялайт же жокко чыгарат; 3) жалпы же чектелүү мобилизация; аскер абалын; согуш абалын жарыялоо жөнүндөгү Президенттин Жарлыгын бекитет же жокко чыгарат.». 3. 6-берененин 1-бөлүгүндө: 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|