Шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору А.Нуралиевдин шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши токтом келет: 1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын жана шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын координатору А.Нуралиевдин шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө маалыматтары эске алынсын. 2. № 1-үй-бүлөөлүк медицина борборунун директору А.Нуралиевге, № 2-үй-бүлөөлүк медицина борборунун директору В.Акимовага, шаардык аймактык оорукананын директору Р.Маметовго, тез медициналык жардам бекетинин башчысы Т.Жумалиевге өздөрү жетектеген мекемелерде орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрүү; - үй-бүлөөлүк медицина борборлорун жана алардын филиалдарын, шаардык аймактык оорукананы жана анын филиалдарын, тез медициналык жардам бекетин тиешелүү медициналык жабдыктар менен камсыздоо жана аларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүү маселесин Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги жана шаардык мэрия менен биргеликте чечүү; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|