Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Улуу Британия жана түндүк Ирландия бириккен Королдугунун Коргоо министрлигинин ортосундагы англис тилин үйрөнүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө
Меморандум долбоору КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 158-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Коргоо министрлиги, эки өлкөнүн ортосундагы мурдатан болгон өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелерди көңүлгө алып; коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын ишенимди, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө каражаты катары маанилүүлүгүн белгилөө менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене Тил үйрөнүүнүн максаты
Британия кеңеши аркылуу ишке ашырылуучу аскердик багытта англис тилин үйрөнүүнүн максаты болуп региондук жана эл аралык тынчтыкты сактоо операцияларына, чыр-чатактан кийин колдоо операцияларына жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча операцияларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катышуусу үчүн англис тилин эркин сүйлөө жана окутуу потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү эсептелет. Тил үйрөнүү деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлерине жана жоокерлерине Чехияда, ошондой эле Кыргыз Республикасында Улуу Британиянын Коргоо министрлиги жана Британия аскердик консультациялык-машыктыруучу командасы (БАКМК) тарабынан өткөрүлүүчү курстарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Даярдоодон өткөн аскер кызматчылары өз кезегинде тынчтыкты сактоо операцияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тактикалык жана ыкчам даярдыгын күчөтүүгө көмөк көрсөтөт. Британия тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо, мүмкүнчүлүккө жараша көрсөтүлүүчү башка эл аралык, анын ичинде НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасы аркылуу көрсөтүлүүчү колдоо менен координацияланган.
2-берене Британия тараптын жоопкерчилиги
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Британия кеңеши аркылуу төмөнкүлөрдү берүүгө макул. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|