Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-майындагы № 200-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, дене тарбия жана спорт жаатындагы байланыштарды Тараптар ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоочу каражат катары өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алып, эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар эки мамлекеттин өз ара кызыкчылыктарынын негизинде дене тарбия жана спорт жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2-берене
Тараптар өздөрүнүн спортсмендеринин Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өтүүчү спорттук иш-чараларга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
3-берене
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өтүүчү дене тарбия жана спорт маселелери боюнча семинарларга, илимий-практикалык атайын конференцияларга катышат. Тараптар дене тарбия жана спорт жаатындагы тажрыйба, илимий маалымат, документтер жана окуу-методикалык материалдар менен алмашууну жүргүзүшөт.
4-берене
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өтүүчү эл аралык спорттук окутуу курстарына калыстарынын жана машыктыруучуларынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
5-берене
Тараптар эки өлкөнүн спорттук федерацияларынын жана клубдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча спорттук кадрларды, спортсмендерди жана адистерди алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
6-берене
Тараптар эки Тараптын тажрыйбасын алмашуу жана спорттук адистеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүп беришет.
7-берене
Тараптар WADA (Бүткүл дүйнөлүк допингге карты агенттигинин) мыйзамдарынын негизинде допинг-контролдоо жаатында кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт.
8-берене
Тараптар спорттун материалдык-техникалык жана илимий базасына тийиштүү, өз ара кызыкчылыктарын камтыган, айрым маселелерин чечүүдө кызматташат.
9-берене
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|