Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 1-апрелиндеги токтому
Иш АД-160/12-МН Көзөмөл өндүрүшү № 6-86/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Джумашов К.О., Арапбаев Н.М., соттук отурумдун катчысы: Токтогазиев Р.Б., тараптар: Жороев Ж., Ак-Талаа райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Кубанычбек уулу Залкарбек, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун өкүлү А.Токбаевдин 2013-жылдын 22-февралындагы ишеним каттын негизинде катышуусу менен, ачык соттук отурумда арыз берүүчү Ж.Жороевдин Ак-Талаа райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнө, Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына карата Ак-Талаа райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Кубанычбек уулу Залкарбектин Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Манас көчөсүндөгү № 18-турак-жайды тоорук (торг) жарыялоо боюнча иш аракетин мыйзамсыз деп табууну, сот аткаруучу Кубанычбек уулу Залкарбектин 2009-жылдын 2-декабрындагы токтомун жараксыз деп таап берүүнү, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Манас көчөсүндөгү № 18-турак-жайды кайра Жороев Жайнакка кайтарып берүү менен турак-жайга болгон менчик укугун калыбына келтирүүнү, Ак-Талаа райондук мамкаттоо башкармалыгына Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Манас көчөсүндөгү № 18-турак-жайды Жороев Жайнактын наамына каттоодон өткөрүп берүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 20-декабрындагы аныктамасына карата Ж.Жороевдин көзөмөл даттануусун карап, Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 20-декабрындагы аныктамасы менен Нарын областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 17-октябрындагы ушул иш боюнча чечими толугу менен алынып салынып, иш өндүрүштөн кыскартылган. Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарды өнүктүрүү жана колдоо финансылык компаниясынын өкүлү Ашыров Рустам Асыранбековичтин апелляциялык арызы канааттандырылган. (Төрагалык кылган Байышов М., судья Аббасов С., судья-баяндамачы Амиракулова З.) Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|