Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 432 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 3882-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3994-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына («Эркин Too» гезити, 2012-жылдын 17-августу, № 73-74) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 4-беренеде: - төмөнкүдөй мазмундагы жаңы он сегизинчи абзац менен толукталсын: «Кен казуучу тармактардын ачык-айкындык демилгеси - (мындан ары - ААД) өнөр жайдагы кен казуучу тармактардын ишинен алынуучу кирешенин ачык-айкындыгын камсыздоого шарт түзүүчү, компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алуучу кирешелердин салыштырылышын жана кеңири коомчулукка такай маалымдоону караштыруучу глобалдуу эл аралык стандарт.»; - кырк сегизинчи абзацында «конкурстук объекттер» деген сөздөр «геологиялык изилдөө же иштетүү стадиясындагы конкурстук объекттер, ошондой эле иштетүү стадиясындагы жер казынасынын башка объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. 18-беренеде: - 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «3. Геологиялык маалыматтык ресурстарды берүүнүн жана пайдалануунун тартибин, аларды алгандык үчүн акынын өлчөмүн, алардын наркын, ошондой эле алынган каражаттарды сарптоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.»; - 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «6. Геологиялык маалыматтык ресурстардын оригиналдары менен Мамлекеттик геологиялык маалыматтык фондусунун бөлмөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иштөөгө болот.». 3. 23-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «5. Эгер түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде берилген объектке, биринчи арыз берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде даты бир же андан ашык арыз түшсө, анда ал объект аукционго коюлат.». Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|