Жарандар Ш.Мамбетова, И.Жунусова, А.Калбаева, Р.Нурбаеванын конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын № окс - 0064/0 2013-жылдын 4-октябрында кабыл алынган аныктамасына карата даттануусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төмөнкү курамы: төрагалык кылуучу-судья: М.Ш.Касымалиев, судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Д.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулова, соттук отурумдун катчысы: А.Ж.Таштанованын, жарандар: Ш.Мамбетова жана И.Жунусованын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, жарандар Ш.Мамбетова, И.Жунусова, А.Калбаева, Р.Нурбаеванын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын № окс-0064/0 2013-жылдын 4-октябрында кабыл алынган аныктамасына карата даттануусун карап, төмөнкүлөрдү
ТАПТЫ:
Жарандар Ш.Мамбетова, И.Жунусова, А.Калбаева, Р.Нурбаева 2013-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) Сузак райондук сотунун аталган жарандар жабырлануучу болуп таанылган кылмыш иши боюнча 2013-жылдын 1-мартында кабыл алынган токтомун жана Жалал-Абад облустук сотунун, ушул эле кылмыш иши боюнча 2013-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган аныктамасын өз күчүндө калтырып, Жогорку соттун 2013-жылдын 20-июнунда ушул эле кылмыш иши боюнча кабыл алынган аныктамасын Конституцияга карама-каршы келет деп табууну жана аталган аныктаманы жараксыз деп бузуп берүүнү талап кылып, өтүнүч менен кайрылышкан. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы, жарандар Ш.Мамбетова, И.Жунусова, А.Калбаева, Р.Нурбаеванын кайрылуусун карап чыгып, аталган жарандардын талаптары Конституциялык палатага караштуу эмес деп, аны өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы өзүнүн аныктамасында конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында Конституциянын 97-беренесинин 6-бөлүгүндө жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерди гана карай алат деп белгилеген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|