Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 25-ноябрындагы токтому
Иш № АД-97/2012 МБа Көзөмөл өндүрүшү № 6-446/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Арапбаев Н.М., Осмоналиев К.Т., катчы: Бекенов Г. тараптардан: Д.Айдарова, Ы.Дыйканов анын өкүлү А.Кудайбергенов (ишеним кат 2012-жылдын 9-июлунан) катышуусунда ачык соттук отурумда Айдарова Дилбардын Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 14-августундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл арызын карап. ал аныктама менен Баткен областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 25-июлундагы ушул иш боюнча чечими күчүндө, кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган, Д.Айдаровадан мамлекет пайдасына 200 сом соттук чыгым өндүрүлгөн. (судьялар: Туменов А.Ж., Алибаев Б.М., Аданбаев З.М.) Баткен областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 25-июлундагы чечими менен Дыйканов Ысламидин Бөрүбаевичтин доо арызы толугу менен канааттандырылган. Баткен шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2006-жылдын 26-сентябрындагы № 9-242-токтому, Баткен шаардык Мэриясы менен Д.Айдарованын ортосунда номери, датасы жок 1391 чарчы метр жер аянтын сатуу сатып-алуу келишими. Тегирмен-Башы асыл тукум эчкичилик чарбасынын 2005-жылдын 20-сентябрындагы № 43 «а» сандуу буйругу, 2005-жылдын 20-сентябрында Тегирмен-Башы асыл тукум эчкичилик чарбасы менен Айдарова Дилбардын ортосунда түзүлгөн Кызыл-Жол айылындагы базарды сатуу сатып-алуу келишими, Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Д.Айдаровага берилген 2009-жылдын 30-декабрындагы Ч № 134801 сериядагы жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты жараксыз деп табылган. Мамлекеттик бюджеттин пайдасына Баткен шаардык Мэриясынан 10 сом, Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан 10 сом өлчөмдө мамлекеттик алым өндүрүлгөн. (судья: Туленбаев Т.А.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|