Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 25-ноябрындагы токтому
Иш № АД-106/12МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-447/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу судья: Арапбаев Н.М., судьялар: Акматов Б.Дж., Мухамеджанов А.Ж., сот отурумунун катчысы: Т.Бекенов тараптар: М.Таштанбековдун, Ж.Калманбетовдун өкүлү - Г.С.Жумалиеванын (22.03.2013-ж. ишеним каттын негизинде) катышуулары менен соттун ачык отурумунда Ж.Калманбетовдун Талас областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 19-июнундагы чечимине, Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл даттануусун карап чыгып, Талас областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 19-июнундагы чечими менен арыз жарым-жартылай канааттандырылган. Кара-Буура райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан түзүлгөн Бакыян айылы «МТФ-1» № 5 дарегиндеги 1995-жылдын 10-декабрындагы Дж.Калманбетовдун наамына түзүлгөн жер участкасынын план схемасы жараксыз деп табылган. Арыздын калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылган. Кара-Буура райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан мамлекеттин пайдасына 1 000 сом мамлекеттик алым жана 5014 сом почталык чыгым өндүрүлгөн, (судья: Бекмурзаев А.) Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы аныктамасы менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 19-июнундагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Чечимдин корутунду бөлүгү Бакыян айыл округунун 2010-жылдын 26-сентябрындагы № 1 сандуу токтомундагы Дж.Калманбетовго 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген 1,20 га жер аянты 1,0 га жер аянтка оңдолгон. Тиешелүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилип, калыбына келтирүү жагы Бакыян айыл өкмөтүнө, Кара-Буура райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына жана Кара-Буура райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына милдеттендирилсин деп кошумчаланган. Апелляциялык даттануу канааттандырылбаган, (төрагалык кылуучу: Кенжешов М.М., судья: Маматбекова А.М., баяндамачы-судья: Калиева К.Дж.) Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|