Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 9-декабрындагы токтому
Иш № АД-000578/13-МО (АД-178/12-МД) Көзөмөл өндүрүшү № 6-484/13 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т., судьялар: Акматов Б.Дж., Мухамеджанов А.Ж., соттук отурумдун катчысы: Бекенов Т.О., тараптардын катышуусуз, ачык соттук отурумда А.Исматовдун Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтомуна карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал токтом менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 9-ноябрындагы ушул иш боюнча кабыл алынган чечими толугу менен бузулган. Иш жаңыдан кароого Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна жөнөтүлгөн. Кассациялык даттануу канааттандырылган. Арыз берүүчү Исматов Абдилажандан республикалык бюджеттин пайдасына 5 (беш) сом мамлекеттик жыйым өндүрүлгөн, (төрагалык кылган: Алаев М.А., судья: Токтогулова Г., судья-баяндамачы: Абдраимов А.Ж.) Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 9-ноябрындагы чечими менен Исматов Абдилажандын арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Сузак айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-мартындагы № 3942 сандуу токтому жараксыз деп табылган. Арыздын Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Исматова Аптакандын наамына берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү бөлүгү кароосуз калтырылган. Сузак айыл өкмөтүнөн 10 сом мамлекеттик алым республикалык бюджетке өндүрүлгөн, (төрагалык кылган: Айжигитов А.А.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясынын баяндамасын угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Исматов Абдилажан Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна Сузак айыл өкмөтүнө, А.Исматовага карата арыз менен кайрылып, анда Сузак айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-мартындагы № 3942-токтомун, Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан Исматова Аптакандын наамына берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүүнү сураган. Аталган арыз менен бирге А.Исматов арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Кассациялык сот тарабынан жогорудагыдай соттук акты кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|