Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25-февралындагы токтому
Иш № АД-238/13-МИ Көзөмөл өндүрүшү № 6-627/13 АД, № 6-135/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Арапбаев Н.М., судьялар: Боронбаева Д.С., Осмоналиев К.Т., катчы: Абышов Б., тараптардан: Көк-Жар айылдык округунун башчысы - Д.Мукановдун, Ш.Бейшееванын, Р.Сейдакматовдун катышуусунда ачык соттук отурумда Кочкор районунун прокуратурасынын Ысык-Кел областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 14-октябрындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл тартибиндеги сунушун карап, ал аныктама менен Кочкор районунун прокурорунун милдетин аткаруучу А.Назырынбековдун Ысык-Көл облустук райондор аралык сотунун 2013-жылдын 15-августундагы аныктамасына карата кассациялык тартипте келтирген сунушу арыз берүүчүгө кайтарылган. (төрагалык кылуучу: Молдакунов А.К., судьялар: Жаныбеков М.Ж., Алиева Г.С.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия.
ТАПТЫ:
Кочкор районунун прокуратурасы мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп Көк-Жар айылдык округуна, Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, Кочкор райондук мамлекеттик нотариалдык конторасына, Ш.Бейшеевага, Р.Сейдакматовго карата Соң-Көл асыл тукум кой өстүрүү чарбасынын жана профсоюз уюмунун кошмо заседаниесинин 1997-жылдын 12-ноябрындагы № 6 сандуу токтомун. Төлөк айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-февралындагы № 79 сандуу чечимин, 2011-жылдын 6-декабрындагы сатуу-сатып-алуу келишимин жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы менен Нарын областынын райондор аралык сотуна кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|