Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 31-мартындагы токтому
Иш № АД-130/13-МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-221/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Джумашов К.О., судьялар: Арапбаев Н.М., Осмоналиев К.Т., катчы: Токтогазиев Р. тараптардан: Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын өкүлү - Б.Момунбековдун (ишеним кат 2014-жылдын 3-февралынан) катышуусунда. ачык соттук отурумда Талас облусунун прокуратурасынын Талас областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 24-майындагы аныктамасына. Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 21-августундагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл сунушун карап. Талас областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 24-майындагы аныктамасы менен арыз ээси Талас шаардык прокуратурасынын Талас шаардык мамлекеттик администрациясынын 1994-жылдын 14-июлундагы № 139 сандуу «Мектепке чейинки балдар мекемелериндеги группалардын толуусу жана № 2 бала бакчанын имаратын Талас областынын салык полициясынын бөлүктөрүн жайгаштыруу үчүн берүү жөнүндөгү» токтомун, 1995-жылдын 28-ноябрындагы № 201 сандуу «мурдагы № 2 балдар бакчасынын имаратын Талас облусу боюнча салык полиция башкармасынын балансынан Талас облусу боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү» токтомун жана № 011501 сандуу жер участогуна болгон мөөнөтсүз пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызын кабыл алуудан баш тартылган. (судья: Бекмурзаев А.) Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 21-августундагы токтому менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 24-майындагы аныктамасы өзгөртүүсүз, кассациялык сунуш канааттандыруусуз калтырылган. (төрагалык кылуучу: Калиева К.Дж., судьялар: Жамангулов Ж.Ж., Боромбаев М.И.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын, Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын өкүлүнүн пикирин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|