Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы токтому
Иш № АД-520/13-МЧ-С3 Көзөмөл өндүрүшү № 6-30/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Токбаева А.А., судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Джумашов К.О., сот отурумунун катчысы: Абышов Б., тараптар: К.Ахметова, анын өкүлү Б.Мамытов (2014-жылдын 1-мартындагы ишеним каттын негизинде), Кара-Буура айыл өкмөтүнүн өкүлү Д.Бекетаев (2014-жылдын 30-январындагы ишеним каттын негизинде), К.Байсеитова, анын өкүлү А.Момуналиев (2013-жылдын 29-июлундагы ишеним каттын негизинде), Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү К.Орозбековдун (2013-жылдын 28-февралындагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда соттун ачык отурумунда К.Ахметованын Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 22-августундагы аныктамасына жана Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 12-ноябрындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 22-августундагы аныктамасы менен К.Ахметованын өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. К.Байсеитованын өкүлүнүн арызы канааттандырылган. К.Ахметованын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-майындагы № 57-токтомун, Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан К.Байсеитованын наамына жазылган техникалык паспорту жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы боюнча сот иши токтотулган, (төрагалык кылган: Осмонова Ш.К.) Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 12-ноябрындагы аныктамасы менен Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 22-августундагы аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган. К.Ахметованын жекече арызы канааттандыруусуз калтырылган. (төрагалык кылган: Курманбаев Ж.А., судья: Чекирова А.М., баяндамачы-судья: Турумбекова Дж.Н.)
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|