КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН (2017.27.03. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин укуктук негизи болуп саналат. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамдын милдеттери жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун тартибин белгилейт. Эл аралык келишимдер эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдердин өзүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт, аткарылат, токтотула турат жана денонсацияланат. 2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби алардын түрүнө, формасына жана аталышына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата колдонулат.
2-берене. Терминдердин колдонулушу
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү терминдер пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу болгон. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|