Кыргыз Республикасынын (2008.21.07. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Бул редакция 2014.18.07. өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин күчүндө болгон
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары шаарлардын, шаар тибиндеги поселкалардын, айылдардын, дарыялардын, каналдардын, көпүрөлөрдүн, саздардын, көлдөрдүн, шаркыратмалардын, тоо тутумдарынын, тоо чокуларынын, ашуулардын, мөңгүлөрдүн, капчыгайлардын, жайлоолордун, аскалардын, үңкүрлөрдүн, кыштоолордун, конуштардын, жайыттардын, көчөлөрдүн, аянттардын, проспекттердин, бульварлардын, аллеялардын, парктардын, жаратылыш парктарынын, коруктарынын жана алар сыяктуу объекттердин, ошондой эле тарыхый окуялар жана тарыхый инсандардын иши менен байланыштуу жерлердин аталыштарынан турат.
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары Кыргызстан элинин нарк-дөөлөттөрү болуп саналат, Кыргызстандын тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгүн түзүшөт жана ушул Мыйзам менен корголушат.
Географиялык аталыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделишет жана ушул Мыйзамдан, ошондой эле башка нормативдик укуктук актылардан турушат.
Мамлекет географиялык аталыштарды иликтеп-изилдөөнү уюштурат, аларды каттоону жана эсебин алууну жүргүзөт. Географиялык аталыштарды каттоонун жана эсебин алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык аталыштар берүү жана жаңы аталыштар берүү өз алдынча башкарууга таандык болгон объекттерден бөлөк администрациялык-аймактык бирдиктерге, калктуу пункттарга-шаарларга, шаар тибиндеги поселкаларга, айылдарга жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында саналып өткөн башка объекттерге аталыштар берүү жана жаңыча аталыштар берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Аталыштар жана жаңыча аталыштар боюнча сунуш киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-статья КР 2008.21.07 № 159 Мыйзамынын редакциясында берилген (мур. ред. караңыз) 6-статья.
Административдик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаарларды, шаар тибиндеги поселокторду, айылдарды адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|