Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 505 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4364-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 4461-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: «4. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга салык салуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жана ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.». 2. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын: «21) «Товарларды импорттоо» - Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана/ же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу Бажы союзунун бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ошондой эле Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү. 22) «Бажы союзунун мыйзамдары» - ушул Кодекске жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынган Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн ишкердикти жүргүзгөн субъекттердин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.». 3. 44-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт жана абзац менен толукталсын: «12) төмөнкү учурларда салык органдарына кабарлоого: а) Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден импорттолуучу акциздик товарларды ала тургандыгы тууралуу; б) Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды убактылуу ташып кирген учурда, алар кийин ташылып келинген товарлардын касиетин жана сапатын өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылат; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|