Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы токтому
Иш № АД-325/13 МО Көзөмөл өндүрүшү № 6-548/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу судья: Арапбаев Н.М., судьялар: Боронбаева Д.С., Мухамеджанов А.Ж., сот отурумунун катчысы: Бекенов Т., тараптардын: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Т.Мурзакуловдун (20.06.2014-ж. ишеним каттын негизинде), Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү А.Кабыловдун (14.01.2014-ж. ишеним каттын негизинде), «Кыргыз соода биримдигинин» ЖЧКнун өкүлү А.Эргешовдун (01.08.2014-ж. ишеним каттын негизинде), соттун ачык отурумунда иш боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 7-февралындагы аныктамасына карата Кара-Суу районунун прокуратурасынын келтирилген көзөмөл тартибиндеги сунушун карап, ал аныктама менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 10-октябрындагы чечими алынып салынган. Кара-Суу районунун прокуратурасынын Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жана Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, үчүнчү жак «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Сарай айыл өкмөтүнө карата Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2004-жылдын 28-июнундагы № 132 токтомун жана 2011-жылдын 20-июнунда берилген Ч № 332847 сандуу мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнүндө арызы доо арызы боюнча административдик иш боюнча өндүрүш токтотулган. (төрагалык кылган жана баяндамачы судья: К.Салиев, судьялар: А.Эгембердиева, Б.Мурзабеков) Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 10-октябрындагы чечими менен Кара-Суу районунун прокуратурасынын доосу жарым-жартылай канааттандырылган. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2004-жылдын 28-июнундагы № 132 сандуу токтому кабыл алынган мезгилден тартып жараксыз деп табылган. Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармасы тарабынан «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2011-жылдын 20-июнунда берилген Ч № 332847 сандуу мамлекеттик актысы берилген учурдан жараксыз деп табылган. Жусупбаев Дилмураттын өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына ар биринен 1000 (миң) сомдон мамлекеттик алым жана ар биринен 230 сомдон почта чыгымы өндүрүлгөн (судья: К.Пирматов).
ТАПТЫ:
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|