Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 618 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4700-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 4829-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамы менен кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын чек араларындагы аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара саясатынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруунун, мамлекеттик чек ара саясаты жаатындагы мамлекеттик органдардын бирге иштешүүсүн уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыздоого байланыштуу мамилелерин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча өтүүчү вертикаль бет, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү өкүм сүргөн мейкиндиктин чеги. өткөрүү жайындагы мамлекеттик контроль - өзүнө Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдарга, унаа каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек арадан өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата чек ара, бажы санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык, баңги каражаттарынын жүгүртүлүшүн контролдоону жана контролдун башка түрлөрүн камтыйт; анклав - Кыргыз Республикасынын аймагы менен толук курчалган чектеш мамлекеттин аймагынын бөлүгү; Мамлекеттик чек араны делимитациялоо - Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек аранын абалын картографиялык материалдар, жер-кадастр документтери жана башка маалымдама материалдар боюнча аныктап, аны топографиялык карталарга түшүрүү; Мамлекеттик чек араны демаркациялоо - делимитациялоо келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде так аныктоо жана белгилөө; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|