|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 4/2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 11,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды Алмашуу курсуна келтирилип жаткан басымды жана ушундан улам инфляциянын күч алышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 50 базистик пунктка, 11,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Тышкы жана ички факторлордон улам түптөлгөн инфляциялык жагдай жогору бойдон сакталып калууда. Алдын ала маалыматтар боюнча жыл башынан бери 0,4 пайыз чегинде топтолгон инфляция январь айынын орто ченине карата абал боюнча жылдык мааниде алганда 10,4 пайыз чегинде катталган. 2014-жыл үчүн алынган статистикалык маалыматтар Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш арымы басаңдап, өлкөнүн соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө да экономикалык жагдай начарлап жаткандыгын тастыктоодо. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча өлкөнүн 2014-жыл ичиндеги реалдуу ички дүң өнүмүнүн өсүшү 3,6 пайызды түзгөн. Тышкы соодалык операциялар көлөмү да кыскарууда. Акча которуулар агымынын көлөмүнүн азайышы катталган. Тышкы финансылык рыноктордо туруксуздук сакталып, ал жогоруда аталган факторлор менен бирге өлкөнүн ички валюта рыногуна, демек инфляция деңгээлине басымдын артышын шарттаган себептердин бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө экономикасындагы жагдайга мониторинг жүргүзүүнү улантып, мыйзамда аныкталган мандатына ылайык, орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляцияны Улуттук банктын ушул мезгилге каралган Акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган 5-7 пайыз чегинде токтотуп турууга багытталган тиешелүү чараларды көрөт. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2015-жылдын 24-февралына пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушту. Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия департаментинин Мамлекеттик башкаруу, финансы сектору жана соода жүргүзүү маселелеринин караган бөлүмүнүн директору Бетти Вилкинсон баштап келген миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|