|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын жумалык хроникасы № 5/2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын китепканасынан пайдаланууга сырттан келген адамдар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт Улуттук банктын жетекчилиги, Улуттук банктын китеп фондусунан пайдалануу боюнча билим берүү мекемелеринин жана илимий институттардын өкүлдөрүнөн келип түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, китепканага коомдук статусун берүү чечимин кабыл алды. Улуттук банктын китепканасы 2015-жылдын 10-февралынан тартып иштей баштайт. Китепкана менен жогорку окуу жайдын, атайын орто окуу жайларынын жана лицейлердин илимий кызматкерлери менен студенттери (студенттик билет же зачёт китепчеси бар болгон шартта) жумасына эки жолу - шейшемби жана бейшемби күндөрү тиешелүү саат 8.30 - 12.00 чейин жана 13.00 - 17.30 чейин пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. Окурмандар экономика, финансы, банк иши, бухгалтердик эсепке алуу темаларында жана маалымат менен компьютердик технологиялар боюнча сейрек кездешүүчү атайын басылмаларды камтыган уникалдуу китепканадан пайдалана алышат. Ошондой эле 1995-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Улуттук банктын жарыяланып жаткан бардык басылмаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Китептер үйгө берилбейт. Басылмалар менен Улуттук банктын китепканасынын окуу залында гана пайдаланууга уруксат берилет. Маалымат үчүн: Улуттук банктын китепканасы 1995-жылдын август айында түзүлгөн. Китепкананын китеп фондусу жыл сайын жаңы басылмалар менен толукталып турат жана фонд бүгүнкү күндө 5 миңге жакын нусканы камтыйт. Китепкана Чүй проспекти, 168 дареги боюнча Улуттук банктын имаратынын ичинде жайгашкан (Бишкек шаарынын Мэриясынын жанында), тел: (0312) 66-90-30 Улуттук банктын кызматкерлери эл алдында чыгып сүйлөөнүн негиздери боюнча окутуудан өтүштү Улуттук банкта банктын кызматкерлерин эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө окутууга багытталган тренинг болуп өттү. «Жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү чеберчилиги» деп аталган тренингге Улуттук банктын жетекчилиги жана негизги башкармалыктардын начальниктери катышты. Тренингди «Россия сегодня» маалымат агенттигинин медиа-консультанты, орус журналисти Олег Дмитриев өткөрдү. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|