Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 82 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2017.15.02. № 103 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
1-берене. «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 8 - 11-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын. 2. 13-статьяда: - статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын; «13-статья. Мамлекеттик каттоо үчүн акы»; - бешинчи - сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын. 2-берене. «Мамлекеттик алым жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 1. 3-статьяда: - 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «9) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра тариздөө жана жупнускасын берүү үчүн;»; - статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын: «9-1) Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу γчγн;». 2. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|