Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 12-январындагы токтому
Иш № АД-123/14-МЧ-С5 Көзөмөл өндүрүшү № 6-889/14АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: Арапбаев Н.М., судьялар: Боронбаева Д.С., Токбаева А.А., сот отурумунун катчысы: Абышов Б., тараптар: Ж.Мамадалиеванын өкүлү Султаналиев Н.Т. (ишеним кат 2014-жылдын 7-июлунда берилген) жана анын өкүлү Асакеев А.М. (ишеним кат 2014-жылдын 23-декабрында берилген); Б.Тургунбаевдин өкүлү - Укубаев М. (ишеним кат 2014-жылдын 15-апрелинде берилген); Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын өкүлү Тыналиев М. (ишеним кат 2015-жылдын 10-январында берилген); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өкүлү Жанузаков М. (ишеним кат 2014-жылдын 1-октябрында берилген); Талас регионалдык кооперативдер союзунун башкармасынан - Молдалиев Ж.Б., соттун ачык отурумунда Н.Султаналиевдин, Б.Тургунбаевдин, Ж.Мамадалиеванын Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25-сентябрындагы токтомуна карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25-сентябрындагы токтому менен Чүй областтык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-январындагы чечими бузулуп, жаңы чечим кабыл алынган. Султаналиев Нурбек Тургунбаевич жана Тургунбаев Бообек Тургунбаевичтердин Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу мэриясынын 2000-жылдын 16-августундагы № 248 токтомунун 1-пунктунда жалпы аянты 224 м.кв. деген сөздөрдү жана 2-пунктундагы 224 м.кв. цифрасын жараксыз деп таап берүү жана Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу мэрияга жашылча павильонуна жалпы аянты 160 м.кв. жетпеген бөлүгүндө жеке менчик укугун бузууну толук көлөмдө четтетүүнү жана 2000-жылдын 16-августундагы № 248 токтомго төмөнкү: 1-пунктунда жалпы аянты 224 м.кв. сөздөрдү алып салып жана 2-пунктунда 224 цифрасын 384 кылып, м.кв. сөздөрүн калтыруу менен алмаштырып, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү Н.Султаналиев жана Б.Тургунбаевдин арызы канааттандыруусуз калтырылган. Н.Султаналиев жана Б.Тургунбаевден мамлекеттин пайдасына 20 сом мамлекеттик алым жана 500 сом почта чыгымдары өндүрүлгөн Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|