Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 102 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016.10.11. № 1065-VI токтомуна ылайык четке кагылган
1-берене. «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын. 2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шаар куруу ишинин түрлөрүн башкаруу жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.». 3. 12-статьяда: үчүнчү абзацтагы «мамлекеттик бийлик органдары» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы «атайын Мыйзам актылары жана нормативдик актылар» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4. 13-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөрдөн мурун «жер мамилелери чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|